Бишкек шаары

2010-жылдын 8-декабры N 318

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий

аталышын юридикалык жактардын, филиалдардын

(өкүлчүлүктөрдүн) аталышына кошуу тартиби

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-беренесине ылайык жана юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) алардын аталышына байланышкан маселелерди мындан ары тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий аталышын юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) аталышына кошуу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-августундагы N 574 «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө алардын аталышына Кыргыз Республикасынын атын көрсөтүп жазуунун тартибине байланышкан маселелер жөнүндө» токтому;

— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2001-жылдын 25-июлундагы N 112 «Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий атынын көрсөтүлүшүн юридикалык жактардын аталышына кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругу (каттоо номери 124-01).

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир айдан кийин күчүнө кирет.

 

«Эркин Тоо» газетасында 2010-жылдын 14-декабрында N 113 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2010-жылдын 8-декабрындагы

N 318 токтому менен

бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган

расмий аталышын юридикалык жактардын, филиалдардын

(өкүлчүлүктөрдүн) аталышына кошуу тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

1. Бул Жобо юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) Кыргыз Республикасынын толук расмий — Кыргыз Республикасы, же кыскартылган — Кыргызстан, аталышын алардын аталыштарына кошуу тартибин аныктайт.

2. Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий аталышы мамлекеттик бийлик органдарынын аталыштарында Кыргыз Республикасынын аларды түзүү тууралуу ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.

Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий аталышын өзүнүн аталыштарында жогоруда көрсөтүлгөн аталыштар бар органдар түзгөн уюмдардын аталышында колдонууга болбойт.

3. Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий аталышы юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) аталышына ушул Жободо аныкталган учурларда киргизилет.

Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий аталышын юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) аталышында улуттук тилдердин өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен пайдаланууга болбойт.

4. Диний уюмдардан тышкары коммерциялык эмес уюмдар Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий аталышын өзүлөрүнүн аталышына эгерде уюм Кыргыз Республикасынын облустарынын жарымынан көбүнүн аймагында жашаган жеке адамдарды бириктирсе (же) (жайгашкан) юридикалык жактар тарабынан түзүлсө киргизе алышат.

5. Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий аталышын коммерциялык уюмдардын аталышында колдонууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет, эгерде:

— мамлекеттик ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлсө;

— чарбалык шериктештиктин же жеке жана (же) юридикалык жактардын коомунун, анын ичинде чет өлкөлүк коомдун уставдык капиталына кошкон салымынын өлчөмү элүү миң эсептик көрсөткүчтөн кем эмес болсо.

6. Чет өлкөлүк жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн юридикалык жактар, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) жайгашкан жерин белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий аталышын өздөрүнүн аталыштарында колдонууга укуктуу.

7. Аталышында Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий аты көрсөтүлгөн юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик кайра каттоодо ушундай аталышты колдонуу укугун сактап калышат.