Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2000-жылдын 29-майы N 52

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

 

(Кыргыз Республикасынын

2008-жылдын 28-июлундагы N 170 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын расмий тилинин статусун аныктайт.

 

1-статья. Кыргыз Республикасынын расмий тили

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу, мыйзам чыгаруу жана сот өндүрүш чөйрөсүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коомдук турмушунун башка чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана мыйзамдары тарабынан каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик тил менен катар пайдаланылуучу тил Кыргыз Республикасынын расмий тили болуп саналат.

Улуттар аралык мамилелердин тили болуп кызмат кылган жана республиканын дүйнөлүк коомдоштукка интеграцияланышына көмөктөшкөн тил Кыргыз Республикасынын расмий тили деп таанылат.

Кыргыз Республикасында расмий тил болуп орус тили саналат.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген өзгөчө статусу бар мамлекеттик тилди пайдалануу менен байланышкан мамилелерге жайылтылбайт.

 

2-статья. Расмий тилдин мамлекеттик корголушу

 

Кыргыз Республикасында расмий тил мамлекеттин коргоосунда турат.

Мамлекеттик органдар расмий тилдин өз милдетин аткарышы жана өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзөт.

 

3-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын берген

документтеринин каралышына болгон укуктарынын

кепилдиктери

 

Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий тилде кайрылууга укуктуу.

Мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдары жарандар тарабынан расмий тилде берилген документтерди кабыл алат жана карайт.

 

4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары жана

буйруктары

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары жана буйруктары эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгарылат.

 

5-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниелери

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, ошондой эле чакырылган адамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседениелеринде расмий тилде чыгып сүйлөөгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседениелеринде чыгып сүйлөөлөр мамлекеттик тилден расмий тилге жана расмий тилден мамлекеттик тилге синхрондук котормо менен камсыз кылынат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы N 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Мыйзам чыгаруу демилгеси

 

Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундулары эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

 

7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана

башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат.

 

8-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик

укуктук актыларын жарыялоо

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бир мезгилде эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат.

Бардык ченемдик укуктук актылар эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат.

 

9-статья. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн, органдардын жана Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан дайындалуучу

же шайлануучу кызмат адамдарынын иши тууралу отчеттор

 

Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, органдардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан дайындалуучу же шайлануучу кызмат адамдарынын иши тууралу отчеттор эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

 

10-статья. Эл аралык келишимдер

 

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тили болуп кыргыз, орус, англис тилдери, болбосо сүйлөшүп жаткан башка тараптын (тараптардын) тили саналат.

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери кыргыз, орус же англис тилдеринде жана сүйлөшүп жаткан башка тараптын (тараптардын) тилинде түзүлөт.

Мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жарыялоо кыргыз жана орус тилдеринде, ал эми зарыл учурларда башка тилдерде жүзөгө ашырылат.

 

11-статья. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын жана уюмдардын расмий аталыштары жана

реквизиттери

 

Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын расмий аталыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын расмий мөөрлөрүнүн, штамптарынын жана бланктарынын тексттери мамлекеттик тилде берилет жана расмий тилге которулат.

 

12-статья. Документтерди жүргүзүү

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жана уюмдардагы эсептик-статистикалык, каржылык жана техникалык документтерди жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилдерде камсыз кылынат.

 

13-статья. Билим берүү мекемелери

 

Ар кандай типтеги, түрдөгү жана менчигинин түрү ар кандай бардык мектептерде, ошондой эле мамлекеттик жогорку окуу жайларында расмий тил милдеттүү окуу предмети болуп саналат жана билим алгандыгы жөнүндө документке киргизилүүчү сабактардын тизмесине кирет.

 

14-статья. Сот өндүрүшүнүн тили

 

Сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

Сот өндүрүшү жүрүп жаткан тилди билбеген ишке катышып жаткан адамдарга эне тилинде билдирүүлөрдү жасоо, түшүндүрмөлөрдү берүү, өтүнүчтөрдү билдирүү, иштин бардык материалдары менен таанышуу, сотто чыгып сүйлөө жана тилмечтин кызматынан пайдалануу укугу камсыз кылынат.

Айыпкер катары жоопко тартуу жөнүндө токтомдун жана өкүмдүн (аныктаманын, токтомдун) көчүрмөсү айыпкерге, соттолуучуга, соттолгонго эне тилине же алар билген тилге которулуп тапшырылат.

 

15-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

Ушул Мыйзамды бузууга күнөөлүү кызмат адамдары, юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Кызмат адамынын жарандын расмий тилдеги кайрылуусун кабыл алуудан жана кароодон баш тартышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана мыйзамдары тарабынан каралган расмий тилди пайдалануу жана өз милдетин аткаруу чөйрөсүндө аны пайдаланууга ар кандай тоскоолдук келтириши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

 

16-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

17-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык

келтирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунушту даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү;

өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев

 

2000-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган