КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1992-жылдын 2-июлу N 938-XII

Массалык маалымат каражаттары жөнүндө

(КР 1993-жылдын 8-майындагы N 1228-XII, 2013-жылдын 22-февралындагы N 29, 2014-жылдын 17-майындагы N 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР Жогорку Советинин 1992-жылдын 2-июлундагы N 939-XII токтому менен кабыл алынган)

Бул Мыйзам билдирүүлөрдү массалык маалымат каражаттары аркылуу уюштуруунун жалпы укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерине аныктайт.

Мыйзам массалык маалымат каражаттарынын эркин иш жүргүзүшүнө багытталып, алардын мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, ишканалар, уюмдар жана граждандар менен болгон мамилелерин жөнгө салат.

I глава
Жалпы жоболор

1-статья. Массалык маалымат каражаттары

Мамлекеттик органдар, маалымат агентстволору, саясий, коомдук жана башка уюмдар, жеке адамдар тарабынан чыгарылуучу газеталар, журналдар, аларга тиркемелер, альманахтар, китептер, бюллетендер, калкка таратууга арналган, туруктуу аталышы бар бир жолку басылмалар, ошондой эле теле көрсөтүү жана радио уктуруу, кино жана көрсөтмө студиялар, мамлекеттик органдар, маалымат агентстволору, саясий, коомдук жана башка уюмдар жеке адамдар тарабынан чыгарылуучу уктурма жана көрсөтмө жазылмалар менен программалар массалык маалымат каражаттарына таандык кылынат.

Массалык маалымат каражаттарын цензурлоого жол берилбейт.

2-статья. Массалык маалымат каражаттарынын органдары

Маалыматтарды калкка таратууну жүргүзгөн анын органдары жана граждандар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болушат.

Массалык маалымат каражаттарынын органдары өз уставынын негизинде аны алып барган юридикалык жактар болуп саналышат.

3-статья. Массалык маалымат каражаттарынын өндүрүштүк чарбалык иши

Массалык маалымат каражаттарынын иши өздөрүнүн продукциясын сатуунун жана башка кызматтарды көрсөтүүнүн эсебинен, ошондой эле уюштуруучулардын, спонсорлордун жана башка түшүүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат.

4-статья. Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамдар

Массалык маалымат каражаттарынын ишине байланышкан мамилелер ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары тарабынан жөнгө салынат.

II глава
Массалык маалымат каражаттарынын ишин уюштуруу

5-статья. Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу

Мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге, эмгек коллективдери жана Кыргыз Республикасынын граждандарына массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу таандык.

Массалык маалымат каражаттары бир, ошондой эле бир нече уюштуруучу тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик органдарга коомдук бирикмелер, эмгек коллективдери жана граждандар менен биргелешип массалык маалымат каражаттарын түзүүгө жол берилбейт.

(КР 1993-жылдын 8-майындагы N 1228-XII Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Массалык маалымат каражаттарын каттоо

Массалык маалымат каражаттарын каттоо жөнүндө арыз жана башка зарыл документтер массалык маалымат каражаты тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү органына берилет жана бир айлык мөөнөттө каралууга тийиш.

Массалык маалымат каражатынын органы өз ишин катталгандан кийин жүргүзөт.

Массалык маалымат каражатын каттоодон негизсиз баш тартуу же аны кечиктирүү сотко даттанылышы мүмкүн.

7-статья. Массалык маалымат каражаттарын каттоо жөнүндө арыз

Массалык маалымат каражаттарын каттоо жөнүндө арызда:

— уюштуруучусу;

— массалык маалымат каражатынын аталышы, тили жайгашкан орду;

— программалык максаттары жана милдеттери;

— массалык маалымат каражаттарынын болжолдонгон мезгилдүүлүгү жана финансылоо булактары көрсөтүлүүгө тийиш.

8-статья. Массалык маалымат каражатын чыгарууну токтото туруу жана токтотуу

Уюштуруучунун чечими боюнча же болбосо ушул мыйзамдын талаптары бузулган учурда соттун чечими боюнча массалык-маалымат каражатын чыгаруу токтотула турушу же токтотулушу мүмкүн.

9-статья. Массалык маалымат каражаттарынын ишин токтото туруу жана токтотуу жөнүндө чечимге даттануунун тартиби

Массалык маалымат каражаттарынын ишин токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим мыйзам тарабынан белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.

10-статья. Даректеме маалыматтар

Мезгилдүү басылмалардын ар бир чыгарылышында басылманын аталышы, уюштуруучусу, редактордун фамилиясы жана ысымы, атасынын аты, басылманын катар номери, чыккан күнү жана кол коюлган мезгили, мезгилдүүлүгү, индекси, нускасы, баасы, редакциянын, басманын жана басмакананын даректери жөнүндө бардык маалыматтар болууга тийиш.

Массалык маалымат каражаттарынын башка түрлөрү үчүн ушул эле маалымат тиешелүү түрдө маалымдалат.

11-статья. Контролдук жана милдеттүү нускалар

Мезгилдүү басылмалардын акысыз контролдук нускалары ыйгарым укуктуу органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине, уюштуруучуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, уюштуруучу жана редакция тарабынан бекитилүүчү (тиешелүүлүгүнө жараша) тизмеге ылайык мекемелерге жана уюмдарга жиберилет. Телерадио берүүлөрдүн материалдары Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер мамлекеттик архивине мамлекеттик сактоого берилет.

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Теле жана радио берүүлөрдүн материалдарын сактоо

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы N 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13-статья. Массалык маалымат каражатты таратууга уруксат

Массалык маалыматты таратууга жооптуу адам, массалык маалымат каражатынын органы уруксат бергенден кийин гана жол берилет.

Массалык маалымат каражатынын продукциясын таратууну токтото турууга же токтотууга соттун гана чечими боюнча жол берилет.

14-статья. Официалдуу билдирүүлөр

Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары тарабынан уюштурулган массалык маалымат каражаттары ал органдардын официалдуу маалыматтарын кабарлоого милдеттүү.

III глава
Массалык маалымат каражатынын ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар менен мамилелери

15-статья. Массалык маалымат каражаттарынын маалыматтарды алуу укугу

Мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана кызмат адамдары массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине алардын суроо-талаптары боюнча колдо болгон маалыматтарды берүү, тиешелүү документтер менен таанышууга шарт түзүү укугуна ээ.

16-статья. Автордук, официалдуу материалдары жана каттарды пайдалануу

Журналисттик, адабият, искусство жана илимий чыгармаларды массалык маалымат каражаты тарабынан пайдаланууга автордук укукту сактоо менен жол берилет.

Массалык маалымат каражаттарын редакция же уюштуруучу тарабынан четке кагылган материалды жарыялоого милдеттендирүүгө эч ким укуксуз.

Окурмандардын каттарын жарыялоо тексттерди маанисин бурмалабастан оңдоого жана тактоого, кыскартууга жана редакциялоого жол берилет.

17-статья. Чындыкка ылайык келбеген массалык маалыматты жокко чыгаруу укугу

Граждан же уюм массалык маалымат каражаттарынын чындыкка ылайык келбеген же өз ар намысына, кадыр-баркына шек келтирүү менен жарыяланган маалыматтарды жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу.

Аларга карата мыйзамдуу укугун жана таламдарын кыскан маалыматтар массалык маалымат каражатында жарыяланган граждандар жана уюмдар өз жоопторун ошол эле массалык маалымат каражатына жарыялоо укугуна ээ.

Жокко чыгаруу же жооп атайын рубрикада же болбосо жокко чыгарылып жаткан билдирүү жарыяланган тилкеде ошондой эле шрифт менен; газеталарда — талап келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен, мезгилдүү башка басып чыгарууларда — кезектеги чыгарылышында жарыяланат.

Жокко чыгарууну жарыялоодон баш тартылган учурда ишке тиешеси бар тарап сотко кайрылууга укуктуу.

Массалык маалымат каражатынын органы чындыкка жатпаган жана өз кызматкерлеринин ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтардын Мыйзамда белгиленген тартипте төгүндөлүшүнө жетишүүгө укуктуу.

18-статья. Маалыматтар жарыяланбай турган учурлар

Массалык маалымат каражатынын органы;

— сот талап кылгандан башка учурларда маалыматтарды өз атын атабоо шарты менен берген адамды атоого;

— алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун кат жүзүндөгү уруксаты болмоюнча алгачкы текшерүүнүн, алдын-ала жана соттук тергөөнүн маалыматтарын жарыялоого;

— анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу болмоюнча жашы жетпеген укук бузуучуга тиешелүү ар кандай маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз.

18-1-статья. Жарнаманы жайгаштыруу (таратуу)

Жарнаманы массалык маалымат каражаттарында жайгаштыруу (таратуу) жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 17-майындагы N 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV глава
Журналисттин укуктары жана милдеттери

19-статья. Журналист

Коомдун турмушунда болуп жаткан окуялар жөнүндө кабарларды чогултуп, массалык маалымат каражаттары үчүн материалдарды түзүп, редакциялап жана даярдоочу адам ушул Мыйзамга ылайык журналист болуп эсептелет.

Журналист жогоруда аталган жумуштарды өз алдынча же редакциянын штаттык кызматкери болуу менен иштөөгө укуктуу.

20-статья. Журналисттин укуктары жана милдеттери

Журналист:

— кабарларды чогултууга жана таркатууга;

— кесипчил журналисттик милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынууга;

— кабарлоочунун макулдугу менен маалыматтарды жазууга, анын ичинде зарыл техникалык каражаттар менен жазып алууга;

— журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү менен табигый кырсыктар болуп өткөн жерлерде болууга, митингдерге, демонстрацияларга катышууга;

— келип түшкөн материалдарга байланыштуу фактыларды жана жагдайларды текшерүүдө адистерге кайрылууга;

— өзүнүн ынанымына карама-каршы келген материалды түзүүдөн жана кол коюудан баш тартууга;

— редакциялык даярдоонун жүрүшүндө өз пикири боюнча мааниси бурмаланды деп эсептеген материалга кол койбоого;

— эгерде ал мыйзамды бузуу менен байланыштуу болсо, редактор тарабынан берилген тапшырмадан баш тартууга;

— автордук сырды сактоого;

— журналист берген автордук материалды өз эркинче бурмалоо менен редактор тарабынан келтирилген моралдык жана материалдык зыяндардын ордун сот тартибинде толтуруп алууга укуктуу.

— маалымат берген адамдардын авторду көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүнө канааттандырууга милдеттүү.

V глава
Массалык маалымат каражаттары жагындагы эл аралык кызматташтык

21-статья. Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар

Мамлекеттер ортосундагы массалык маалымат каражаттары жагындагы эл аралык кызматташтык мамлекеттер аралык келишимдердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык келишими тарабынан ушул Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка эрежелер белгиленсе, анда мамлекеттер аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын органдары тиешелүү келишимдердин негизинде башка мамлекеттерде өздөрүнүн кабарчылар пункттарын ачуу укугуна ээ.

22-статья. Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын Кыргыз Республикасындагы кабарчылары

Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары мамлекеттик башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өз кабарчыларын аккредитациялоо, кабарчылар пункттарын ачуу укугуна ээ.

Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын органдары өздөрүнүн кесиптик ишин Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.

23-статья. Калкка жайылтууга жатпаган маалыматтардын тизмеси

Массалык маалымат каражаттарында:

а) мамлекеттик жана коммерциялык сырды ачууга;

б) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга жана бузууга, Кыргыз Республикасынын жана башка кандай гана болбосун мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоого;

в) согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого;

г) элдердин граждандык ар-намысын мазактоого;

д) динге ишенгендердин жана дин кызматкерлеринин диний сезимдерин мазактоого;

е) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, адам органдарын жана (же) ткандарын, порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарга, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматты пропагандалоо;

ж) уят деп эсептелген сөздөрдү колдонууга;

з) граждандык жана улуттук этиканын нормаларын бузуп, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб, желек, гимн) мазактаган материалдарды таратууга;

и) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;

к) жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого жол берилбейт.

(КР 2014-жылдын 17-майындагы N 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-статья. Ушул Мыйзамдын нормаларын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын нормаларын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын закондору тарабынан каралган жоопкерчилик келип чыгат.

25-статья. Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамды бузгандык үчүн жоопкер адамдар

Ушул Мыйзамдын нормаларын бузгандык үчүн массалык маалымат каражатынын өкүлү катары жетекчи адам жана маалымат материалын берген адам жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

26-статья. Чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды таркаткандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулуучу учурлар

Массалык маалымат каражаттары чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды массалык маалымат каражаттарында таркаткандык үчүн төмөнкүдөй учурларда жоопкерчилик тартышпайт;

а) эгерде мындай маалыматтар официалдуу документтерде жана билдирүүлөрдө баяндалса:

б) эгерде алар маалымат агентстволорунан же мамлекеттик жана коомдук органдардын басма сөз кызматтарынан алынса;

в) эгерде алар эл алдынча чыгып сүйлөөлөрдү сөзмө-сөз кайталаса;

г) эгерде алар алдын-ала жазуусуз обого чыгуучу автордук сөздөрдө болсо.

27-статья. Моралдык зыяндын ордун толтуруу

Адамдын, граждандын, ошондой эле уюмдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, чындыкка ылайык келбеген же аларга мүлктүк эмес башкача зыян келтирген маалыматтарды таркатуунун натыйжасында адамга-гражданинге же уюмга келтирилген моралдык (мүлктүк эмес) зыяндын орду закондо каралган тартипте соттун чечими боюнча массалык маалымат каражаты тарабынан толтурулат.

Моралдык (мүлктүк эмес) зыяндын ордун акчалай толтуруунун өлчөмү сот тарабынан аныкталат.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти   А.Акаев